Радио

Эгинбаев: карантинде ашпозчулардын айлыгы 70 пайызга азайды

Ашпозчулар ассоциациясынын президенти, башкы ашпозчу Берик Эгинбаев шеф-повар болуу үчүн жогорку билим алуу зарыл экенин айтты.
Sputnik
Эгинбаев: карантинде ашпозчулардын айлыгы 70 пайызга азайды

Башкы ашпозчу экономика, адамдар менен иштешүү үчүн психологияны, тамак даярдоонун заманбап технологиясын жана документ менен иштөөнү билүүсү кажет. Ошондуктан анын жогорку билим алып, квалификациясын жогорулатып туруусу маанилүү. Бул тууралуу Берик Эгинбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Көмөч казан эскирип калганын кантип билсе болот? Шеф-повардан кеңештер

Анын айтымында, жөнөкөй ашпозчуга базалык билим алуу жетиштүү.

"Жакында эле Chef a la Russe чемпионатына катышып келдик. Ал жактан Россиянын Улуттук кулинардык ассоциациясынын президенти Виктор Беляевге жолуктук. Ал адам менен жакын мамиледебиз. "Кыргыздар бүт баарын басып алдыңар" деп дайыма тамашалап күлүп калат. Беш жыл мурда ашпозчу кесиби анча бааланган эмес. Ал эми азыр болсо бул кесипке кызыгып билим алган жаштар көбөйгөнү кубандырат. Россияда жүргөн жердештерди алып карай турган болсок, 600 миңден ашык мигранттардын көбү ашпозчулар. Беляев да Москвада кыргыздар аябай күчтүү адис катары эсептелинерин айтып өттү. Ал эми пандемия учурунда дүйнө жүзү боюнча ашпозчулар ассоциациясынын мүчөлөрү маалымат алышып турдук. Карантин маалында көбү жумушсуз отуруп калышты. Биздин ашпозчулардын айлык маянасы 70 пайызга чейин түштү. Пландалган иш-чаралар да өткөн жок", – деди Эгинбаев.

Ал кулинария боюнча практикалык билим алууну онлайн өткөрүү ыңгайсыз болгонун, окуучулар бир гана теориялык билим алышканын кошумчалады.