БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыгынан жаракат алгандар каза болгон үй-бүлөнүн балдары экени маалым болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-ноябрда, эртең менен саат 6:30дар чамасында Бишкек — Ош автоунаа жолунун 172-чакырымында Toyota Camry менен жүк ташуучу фура кагышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 60 жаштагы айдоочусу жана анын баласы менен келини мерт болгон. Үч адам ооруканага жеткирилген.
Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Жаракат алгандар ошол үй-бүлөнүн бир жаштан беш жашка чейинки үч баласы экени айтылды. Алар учурда Жайыл райондук ооруканасында жатат. Абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Милициянын маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаанын ичиндеги адамдар жаракат алган эмес.