Республикалык штабды Эльвира Сурабалдиева жетектемей болду

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми Республикалык штабдын төрагасынын орун басары болуп саламаттык сактоо министри эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Социалдык блок боюнча вице-премьер өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана аны жоюу боюнча ыкчам штабдын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми республикалык штабдын төрагасынын орун басары болуп саламаттык сактоо министри эсептелмекчи.

Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз

"КР өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык, премьер-министрдин ушул жылдын 20-мартындагы №171 буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Эльвира Сурабалдиева учурда социалдык тармакты караган вице-премьер. Мурунку өкмөттө штабдын башчысы биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков болгон.