Көптөн күткөн аппарат алып келинди! Онкология борборундагы жаңы жабдуу

Залалдуу шишик менен жабыркагандарга жаңы аппарат менен дарыланууну дагы 120 күн күтүүгө туура келет. Себеби аны ишке киргизип, иштете турган адистер окутулуп даярдалышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Онкология жана гематология улуттук борборуна нур тездеткич эки комплект-аппарат алып келинди. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан кабарлашты.

Радиациялык коопсуз нурдануу менен камсыздоо үчүн Беларусь Республикасынан жана Түркиядан адистердин келиши күтүлүүдө. Маалыматта алар бункерлерге эшиктерди орнотуп жана аталган аппаратты орнотуп, ишке салып бермекчи.

Ушул тапта өлкөдөгү жаман кеселден жапа чеккендерге нур тездеткич — бардык ткань жана органдарда пайда болгон арты кайырсыз шишиктерди дарылоодо колдонулчу радио-нур аппараты зарыл болуп турган. Бул жабдуу шишикке жогорку кубаттуулуктагы рентген нурларын жеткирүүнү камсыздайт, мында нур шишикти гана жабыркатып, айланасындагы таза ткандарга зыян тийгизбейт.

"Аталган улуттук борбор, ММК фонду жана аппаратты алып келген MN Medical OU компаниясынын ортосундагы келишимдин шарттары бар. Инсталляция жасоо мөөнөтү, аппаратты иштетип текшерип көрүү, аны иштете турган адистерди окутууга 120 күн кетет. Андан кийин гана медициналык жабдууну өткөрүп берүү жана эксплуатация кылуу актысына кол коюлат", — деп айтылган маалыматта.

Дарыланууга 1,5 миллион сарптадым! Кыргызстандык бейтаптын санаасы

Эске салсак, Centerra Gold Inс компаниясы Онкология жана гематология улуттук борбору үчүн аталган аппаратты жана башка медициналык жабдыктарды сатып алууга былтыр 10 миллион доллар бөлүп берген. Каржылык көмөк кыргыз өкмөтү менен болгон келишимдин алкагында көрсөтүлгөн.