ДССУ өлкө лабораторияларына мите куртту аныктаган микроскопторду берди

Былтыр министрликтин алдындагы департамент паразиттерди аныктоону жакшыртуу максатында эл аралык уюмдан жардам сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму республиканын паразитологиялык лабораторияларына 9 микроскоп топтомун берди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Билдирмеде, калк арасында ичеги-карын паразитозунун эпидемиологиялык абалын туруктуу кармоо сапаттуу лабораториялык диагностикадан жана өз убагында дарылануудан көз каранды экени белгиленет.

Былтыр министрликтин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мите курттарды аныктоону жакшыртуу максатында ДССУга кайрылып, заманбап микроскоптор менен камсыз кылууну суранган.

ДССУ Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөтөт

Учурда медициналык жабдык республиканын паразитологиялык лабораторияларына таратылып жатат.