Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Саясатчы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Бабанов премьер-министр Садыр Жапаровго жолукканын айткан.

"Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө аларына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин билдим. Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар! Партиялаштарым менен акылдашып Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим", — деп жазган Бабанов.

Саясатчы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын айткан.