БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 3478 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:
- 58 адам - канааттандырарлык абалда;
- 2363 - орточо оор абалда;
- 930 - оор абалда;
- 127 - өтө оор абалда.
Канды коюлантат. Коронавирус менен ооруганда жебей турчу азыктар аталды
Булардан сырткары, 3615 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда.