Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөштү. Эмне талкууланды

Алгач казак тарап Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамин Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди, Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган. 

Өкмөт башчылар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурдагы макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулаган.

Жардам суралды. Руслан Казакбаев Казакстандын премьер-министри менен жолукту

Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишенимин билдирген.

Коңшу өлкөнүн өкмөтүнүн сайтындагы жазылган маалымат боюнча, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулаган.

Ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери жана коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү жолдору каралды.