Талкаланган Ак үйдүн чыгымдарын эсептөө үчүн комиссия түзүлдү

Комиссиянын төрагасы болуп вице-спикер Мирлан Бакиров бекитилди. Ал эми курамына ЖКнын аппарат жетекчиси, иш башкармалыгынын башчысы жана ведомство өкүлдөрү кирди.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 5-6-октябрдагы элдик толкундоого байланыштуу Жогорку Кеңештин имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын төрагасы болуп вице-спикер Мирлан Бакиров бекитилди. Ал эми курамына ЖКнын аппарат жетекчиси, иш башкармалыгынын башчысы жана ведомство өкүлдөрү кирди.

Рысалиев 3 партия жаңы Ак үй салып берсин десе, депутаттар каткырышты. Видео

Жыйын учурунда төрага Талант Мамытов имаратты калыбына келтирүүгө жардам берем деген демөөрчүлөр дагы чыгып жатканын билдирди. Ал эми депутат Марлен Маматалиев көпчүлүк кесиптештери кабинетин өз каражатына оңдоого макул болгонун айтты. Кээ бири мындан баш тарткандыктан, бүгүн жабык эшик артында сүйлөшүп алууну сунуштады.

Белгилей кетсек, 6-октябрдагы элдик толкундоо маалында Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, учурда депутаттар жыйындарын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүүдө. Депутат Акылбек Жапаров аны оңдоого 450 миллион сом керектелерин айткан, бирок президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 10 миллион сом гана талап кылынарын билдирүүдө.