Түркия Кыргызстанга аскердик унаа менен керектүү буюмдарды берди. Сүрөт

Беш жыл мурда эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан аскердик-финансылык кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн. Анын алкагында өлкөгө жардам көрсөтүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Өмүралиев алгач Измир аймагындагы жер титирөө менен цунаминин кесепетинен курман болгондорго жана кыйроолорго байланыштуу элчиге көӊүл айткан.

"Андан соң кыргыз-түрк аскердик байланыштарынын абалы, аны чыңдоо жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашкан. Кыргыз тарап Түркия көрсөтүп жаткан материалдык-техникалык жардам менен аскер кадрларын даярдоодогу алака-катышка ыраазычылык билдирген. Женгиз Камиль Фырат өз кезегинде бул жааттагы эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирген", — дешти штабдан.

Сүйлөшүүдөн соң Улуттук гвардияда аскердик унаа жана ооруктук мүлк-буюмдарын кабыл алуу аземи болгон.

Кыргызстан менен Россия аскер-техникалык кызматташтык маселесин талкуулашты

Маалыматта айтылгандай, 2015-2016-жылдары эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан аскердик-финансылык кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн. Анын алкагында ушул жылдын сентябрь айында Түркиядан аскердик-техникалык мүлктүн биринчи партиясы келген.