Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталды

Азырынча башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Республика - Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Канат Исаев спикерлик кызматтан кете турганын билдиргенден кийин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Мамытовдун талапкерлигин көрсөтө турганын айтты.

Азырынча андан башка фракциялар талапкер сунуштай элек. Бул тууралуу кеңешүү үчүн парламентте 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.