БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев КТРКнын эфиринде билдирди.
“Мектеп директорлору боюнча бизге көптөгөн суроолор келип жатат. Жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директорлор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоолору менен креслолорун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар”, — деди министр.
Анын айтымында, учурда министрликтин директорлорду дайындоого тиешеси жок. Аларды жергиликтүү бийликтин сунушу менен билим берүү бөлүмдөрү бекитет.
Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат
Бейшеналиев белгилегендей, эгер директорлорду шайлоо системасы кирбей калса, министрлик аларды баалоо критериясы боюнча иштен алуу механизмин иштеп чыгат.