Депутат Кубанычбек Жумалиевге байланышы бар кеңселер тинтүүгө алынганын айтышты. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Кубанычбек Жумалиев менен байланышы бар компанияларды тинтүүгө алды
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутатына Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынган. Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен байланышы бар компаниялардын кеңселерин тинтүүгө алып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч структураларындагы ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.

Алар жөнөткөн видеодон спецназ менен Финполдун кызматкерлери кеңселерди тинтип жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, тинтүү иштери "Таатан" жана "Гоин" соода борборлорунун аймагындагы кеңселерде жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

100 миллион сомго барабар арак алынды. УКМК бизнестеги коррупцияны аныктады

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары ачыкталган. Мындан тышкары, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Ошол кезде Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптап жүргөн.