РИИБ: 9 жаштагы Аяна Эмилбекова аман-эсен табылды. Сүрөт

Өспүрүм кыз 31-октябрдан бери изделип жаткан. Бул күнү кичинекей Аянанын тууганы милицияга кайрылып, ал 31инде саат 15:00дөр чамасында Абдраев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте изделип жаткан 9 жаштагы Аяна Эмилбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, өспүрүм кыз 31-октябрдан бери изделип жаткан. Бул күнү кичинекей Аянанын тууганы милицияга кайрылып, ал 31инде саат 15:00дөр чамасында Абдраев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келбегенин билдирген. Аталган факты Ленин РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкектин чок ортосунан жоголуп кеткен тестиер кыз табылды. Сүрөт

"3-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында өспүрүм кыз табылды. Милиция кызматкерлери мындан ары бул сыяктуу фактылар катталбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары менен сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.