Жапаров: президенттик шайлоодо эң биринчи админресурс менен күрөшөм

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азырынча ага төрт талапкер катышуу ниетин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчысын шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурс колдонууга жол берилбейт. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош облусунун активи менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук стадионуна 5000ге чукул адам чогулуп, Жапаров менен жолугуп суроолорун узатышкан.

"Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш — административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм! Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче, анын курмандыгы болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен, баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем", — деген Жапаров.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Азырынча төрт талапкер катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да декабрда кызматын тапшырып, жарышка аттанарын айтып келет.