БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Милан" футбол клубунун швециялык чабуулчусу Златан Ибрагимович Италия чемпионатында кезектеги өзгөчө голу менен айырмаланды. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазып, голдун видеосун жарыялады.
Кечээ "Милан" "Удинеза" командасына конокко барып, 2:1 эсебинде утуп кайткан. Беттештин 83-мүнөтүндө, эсеп 1:1 болуп турганда 39 жаштагы Ибрагимович көкөлөп келе жаткан топту чалкасынан жыгылып бара жатып чимирилип тээп, атаандаштын дарбазасына киргизгенге үлгүргөн. Бул гол өзгөчө жана миландыктарга жеңиш алып келген гол болгону менен өзгөчөлөндү.