БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Бийликчил “Грузин кыялы” партиясы парламенттик шайлоодо элдин 55 пайыз добушун алып, алдыда бара жатат. Бул тууралуу РИА Новости америкалык Public Opinion Strategies компаниясынын экзитполунун маалыматтарына таянып жазды.
Экзитпол “Имеди” телеканалынын буйрутмасы менен жүргүзүлгөн. Экинчи орунда өлкөнүн экс-президенти Михаил Саакашвили катышкан “Бирдиктүү улуттук кыймыл – бириккен оппозиция “күч биримдикте” оппозициялык партиясы бара жатат (23 пайыз). Кийинки саптарда “Европалык Грузия”, “Лело”, “Патриоттордун альянсы”, “Агмашенебели стратегиясы”, “Гирчи” партиялары. Алар үч пайыздан добуш алышкан.
Ал эми Survation изилдөө компаниясынын экзитполунун маалыматтарына караганда, “Грузия кыялы” партиясы 52,26 пайыз добуш менен алдыда бара жатат. Сурамжылоо “Рустави 2” телекомпаниясынын буйрутмасы менен жасалган. Экинчи сапта Саакашвилинин партиясы – 25,33 пайыз. Кийинки саптарда “Европалык Грузия” – 4,2 пайыз, “Гирчи” – 3,52, “Лело” – 2,61 пайыз.
Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз берди
Ишемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Депутаттар төрт жылга шайланат. 150 депутаттык орундун 120сы партиялык тизме боюнча, ал эми 30у мажоритардык округ боюнча бөлүштүрүлөт. Парламентке өтүү босогосу – 1 пайыз. Ал эми мажоритардык талапкерлер 50 пайыздан жогору добуш алуулары керек. Өкмөттү өз алдынча куроо мүмкүнчүлүгү шайлоочулардын 40 пайыз добушун алган партияга берилет.