Бишкекте адам жүзүн тааныган дагы 70 камера орнотулат

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда кабелди орнотуу иштери аткарылып жатат. Камералар калаанын сегиз көчөсүнө коюлат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Бишкектин Ленин районуна адамдын жүзүн тааныган системасы бар 70 видеокамера орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Камералар Сухомлинов, Жунусалиев, Жаманбаев көчөлөрү жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен чектешкен аймакка орнотулат. Учурда магистралдык кабель коюу иштери башталды.

ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

Мониторинг пульту Жунусалиев көчөсүндөгү милициянын №2 шаардык бөлүмүнө орнотулмакчы.