Энергетиктер Өкмөт үйүнө келип Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылышууда

"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жаңы дайындалган директорго каршы болуп жатышат. Буга чейин алар Улуттук энергетикалык холдингдин алдына топтолушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Чыгыш, Батыш жана Аламүдүн РЭСинин митингге чыккан кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына келип, Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылып жатышат.

Энергетиктер Бишкек ТЭЦтеги азыркы кырдаал тууралуу айтып беришти

Буга чейин Улуттук энергетикалык холдингдин жанына 40ка жакын адам чогулган. Алар "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчиси кылып Улан Астаркуловду дайындаганына нааразы болуп жатышат. Митингчилердин айтымында, Астаркулов кылмыш иштин фигуранты болуп саналат.

Акциянын катышуучулары Улуттук энергохолдинг жооп бербесе Өкмөт үйүнүн алдына барарын айтышкан. Учурда 50гө жакын киши топтолуп турат.