Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

Жамалбек Ырсалиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.