Адис банкомат бербей койгон акчаны кайтарып алуу жолун түшүндүрдү

Эгер операция банктын өзүнүн банкоматынан аткарылса, акчаңызды тезирээк, тагыраагы, бир жуманын тегерегинде кайтарып бериши керек. Башка банктын банкоматы болсо, кайтаруу мөөнөтү бир айга чейин созулушу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кээде банкомат сураган акчаны жеткирбей берип же таптакыр эле бербей койгон учурлар болот. Мындайда банкоматтын номери менен ийгиликсиз операция аткарылган саатты мүнөт, секундуна чейин эстеп калуу керектигин "Прайм" агенттигине "Синергия" университетинин Укук дисциплинасы департаментинин өкүлү Наталия Пшеничникова билдирди.

"Андан соң болушунча эртерээк кызмат көрсөткөн банкка кайрылуу керек. Акчаны башка банктын банкоматынан алган күндө дагы баары бир сизге картаны берген банк гана жардам бере алат. Ал үчүн доо арыз таштап, анда болгон окуяны толугу менен айтып бериңиз. Жогоруда айтылган банкоматтын номери менен акча суроонун убакыт-саатын дагы так жазыңыз", — деди Пшеничникова.

Банктык картадан акча уурдалса эмне кылуу керек. Кеңештер

Адистин айтымында, банк көйгөй жараткан банкоматта ашыкча болуп калган сумманы, видеокөзөмөлдөн сиздин барган-барбаганыңызды карап, аткарылган операцияларды анализдеп чыгуусу үчүн убакыт талап кылынат.

Эгер операция банктын өзүнүн банкоматынан аткарылса, акчаңызды тезирээк, тагыраагы, бир жуманын тегерегинде кайтарып бериши керек. Эгер башка банктын банкоматы болсо, кайтаруу мөөнөтү бир айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.