Исмаилова: өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды

Жыйында депутат Турускулов "бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, ага даярдык кандай?" деген суроону узаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анда депутат Жыргалбек Турускулов Исмаиловага: "Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, даярдык кандай?" - деген суроону узаткан.

"Өкмөт азыркы убакта экинчи толкунга даяр, негиздеме түзүлгөн. Эми негиздеме боюнча иштеш керек. Кээ бир нерселер каражатка такалып жатат. Бирок өкмөт бул боюнча иш жүргүзүүдө. Даярдык жакшы", — деди Исмаилова.

Бирок Турускулов анын жообуна ынанбай, даярдык жок экенин айткан.

Исмаилова депутаттын "Республикалык штабды ким башкарып жатат?" деген суроосуна да тайсалдап так жооп бере алган жок.

"Республикалык штабды премьер-министр жетектечү. Ал жок болгон учурда биринчи вице-премьер, вице-премьерлер башкарчу. Бардык министрлер штабдын курамына кирет", — деди ал.

Бир суткада 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди

Исмаилова той-аштар экономикага такалган маселе болгондуктан токтотулбай жатканын айтып, бул боюнча биринчи вице-премьер Артём Новиков менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.