Аида Исмаилова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталууда

Мурда Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына "Республика — Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. Ал эми ушул жылдын 1-апрелинен тарта вице-премьер кызматын аркалап келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектөөгө сунушталууда.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитети колдоду.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда, Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулган.