БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетип, анын ордуна Рыскелди Мусаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Коопсуздук кеңешине жаңы катчы дайындалды
© Фото / пресс-служба ЖК
Жарлыктарга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Дүйшөбаевди аталган кызматка 15-октябрда дайындаган.