Доллардын курсу дагы жогорулап 82 сомго жакындап калды

Дүйшөмбү күнү коюлган баага салыштырмалуу нарк бир сомго жогорулады, бүгүн эле эртең менентен бери 50 тыйынга кымбаттады.
Sputnik

БИШКЕК, 27 окт — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу бүгүн кескин кымбаттап кетти.

Эртең менен эле америка валютасын сатып алуу 80.99, сатуу 81,38 сомду түзүп турган. Дүйшөмбүгө салыштырмалуу баа 55-56 тыйынга өстү.

Саат 15:00гө карата курс төмөндөгүдөй болууда:

  • Сатып алуу — 81,4төн 81,65 сомго чейин;
  • Сатуу — 81,8ден 81,9 сомго чейин.