БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аида Исмаилова менен Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Билдирмеге караганда, эки аткаминер тең кызматтан кетүү боюнча өз ыктыяры менен арыз жазышкан. Алардын өтүнүчүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кабыл алып, жумуштан бошотуу жарлыгына кол койгон.
Исмаилова өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде дайындалган. Ал эми Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылдын 25-октябрында киришкен. Эки аткаминер тең жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.