15 орундуу санды көбөйтүп, калыстарды таң калтырган Нурболот. Видео

Жекшемби күнү "Россия 1" телеканалынын "Удивительные люди" деп аталган таланттуу адамдардын сынагына кыргызстандык Нурболот Исматиллаев да катышты.
Sputnik

Анын өнөрү көрсөтүлгөн видео телеканалдын расмий сайтына жайгаштырылган.

Нурболот Исматиллаев 12 жашта. Ал көрүүчүлөргө жана калыстар тобуна спорт-стекинг (стакандардан тездик менен пирамида куруу) көрсөтүп, аны менен катар көп орундуу сандарды көбөйтүп, кошкон.

Андан кийин Нурболотко 15 орундуу санды көбөйтүү тапшырмасы берилген. Башында катышуучу бир аз толкунданып, ал тургай ыйлап жиберген. Бирок алып баруучу ага эс алып алууга мүмкүнчүлүк берген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал даяр экенин айтып, 6 мүнөт 2 секундда 15 орундуу санды көбөйтүп койгон.

6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео

Калыстар мындайды биринчи жолу көрүп жатышканын айтышты. Арасынан бирөө 15 орундуу санды телефонуна да терип чыгарып көрүүгө аракет кылган.

Соңунда алар Нурболот Исматиллаевге ийгилик каалап, "Кыргызстанда Нурболоттой балдар бар экени кубандырат" деп айтышкан.