Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Юристтердин айтымында, VII чакырылыштын келишин создуктуруу бийликтин легитимдүүлүгүнөн шек жаратып, эл аралык коомчулук мамилесин үзүп коюшу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн Юристтердин көз карандысыз бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу кыргыз бийлигине кандай таасир этерин айтып беришти.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Бишкек шаардык административдик соту 24-октябрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган.

Конституция боюнча, шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин тааныбай жатат

Конституциялык укуктар боюнча эксперт Сания Токтогазиева эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер кыргыз бийлигин тааныбай жатканын билдирди.

Мындай кризистен чыгуунун жападан жалгыз жолу — парламенттик шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү.

"Эгер БШК бекиткен парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып же токтотуп салса, кыргыз бийлигинин легитимдүүлүгүнүн таанылышы кыйындайт. Азыр бир дагы эл аралык уюм же башка мамлекет Кыргызстанга акча бербейт. Бизди эл аралык мааниде өнөктөштөр кабыл алышы үчүн кризистен чыгышыбыз керек. Кайра парламенттик шайлоонун убагында өтпөй калышы бийликтин легитимдүүлүгүнөн шек жаратып, дестабилизацияга алып келиши мүмкүн. VII чакырылыш ишке киришкенден кийин эл аралык келишимдерди түзүп, Конституциялык реформа кылсак болот", — деди Токтогазиева.

Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты

Президенттин милдетин аткаруучу БШК мүчөлөрүн дайындай албайт

Аны менен катар юрист 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган мыйзам, биринчиден, Конституцияга каршы келерин, экинчиден, кабыл алынган мыйзам артка иштебей турганын белгиледи. Себеби БШК парламенттик шайлоону 21-октябрда дайындап койгон.

"Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп жазылган, бирок ушуга чейин өкмөттүн "Эркин-Тоо" гезитине чыга элек. Ошондой эле шайлоо өнөктүгү маалында БШК мүчөлөрүнө басым кылууга болбойт. Ал Конституциялык орган, ага ылайык өзүнүн иммунитети бар. Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучу мамлекет башчынын квотасы менен дайындалган БШКнын төрт мүчөсүн артка чакыртып ала албай турганы Конституцияда так жазылган. Ага жол берилсе бул дагы мыйзамды одоно бузуу болуп саналат", — деди юрист.

Парламенттин мөөнөтү бүттү, стратегиялык мыйзамды кабыл ала албайт

ЖКнын VI чакырылышынын беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктайт. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева андан соң депутаттар кандай тартипте иштей турганын түшүндүрүп берди.

"Өз мөөнөтү бүткөндөн кийин депутаттар өлкөдөгү абалды кескин өзгөртпөшү керек, алар турукташтырууга аракет жасашы шарт. "Турукташтыруу" деген эмне? Алар кийинки чакырылыштын депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бар күчүн жумшашы шарт. Мындай практика дүйнөдө колдонулуп келет. Ал эми конституциялык мыйзамдар жана референдум бул өлкөнүн стратегиялык тапшырмасы, ага кол тийгизүүгө бул парламенттин укугу жок", — деди Эргешбаева.

Ал ортодо БШК парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырбоо талабы менен Жогорку сотко даттанарын билдирди. Комиссия мүчөсү Гүлнара Журабаева кайра шайлоо өткөрүүгө толук негиз бар экенин айтууда.

"Бишкек шаардык административдик соту БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп, кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирүүдө. Буга түшүнбөй жатабыз. Биз 6-октябрда жыйынтыгын жарыялап, андан соң аны жокко чыгарганбыз. Бизде документтер бар", — деди Журабаева.

Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырып, шайлоого катыша турганын айтты

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси ЖК депутаты, премьер-министрдин кеңешчиси Акылбек Жапаров буга үч себеп болуп жатканын айткан.

  • Биринчиси — парламент менен президент иштей турган Ак үй талкаланган. Аны оңдоого 450 миллион сом кетет;
  • Экинчиси — ар бир шайлоону өткөрүүгө кеминде 450 миллион доллар кетет, бюджетте анча каражат жок;
  • Үчүнчүсү — COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал оорлошуп барат.

Жыйында Жапаровго эл өкүлү Дастан Бекешев суроо узатканда, "президенттик шайлоо өткөрүүгө каражат бар, парламенттикине карап жатабыз" деп жооп берген.

Деген менен юрист Сания Токтогазиева өлкөдө мыйзамдуу бийликти орнотуу үчүн биринчи кезекте парламенттик шайлоо болушу керектигин билдирүүдө.