Дарыгер баш жазуунун жолдору тууралуу айтып берди

Дарыгер ичимдиктен кийин адам өзүнө келиши үчүн туура тамактанып, сейилдеп, сууга түшүшү керек деген кеңешин берди.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Дарыгер-нарколог Алексей Казанцев спирт ичимдиктерин ичкенден кийин организмди тез арада калыбына келтирүүнүн жолун айтып бергенин “Известия” жазды.

Анын айтымында, биринчи кезекте жылымык сууга душка түшүп, сууну улам ысыкка, анан муздакка алмаштырып туруу керек. Андан кийин организмге суунун балансын толтуруу үчүн минералдык суу ичүүнү сунуштаган.

Казанцев кошумчалагандай, эртең мененки тамакты жакшылап ичүү зарыл. Маселен, өтө куурулбаган омлет жардам берет.

Адис: күзгү депрессияны алкоголь менен жеңем дегендер жаңылышат

Мындан тышкары, курамында магний менен калийи бар дары-дармектерди жана витаминдерди күн бою ичсе болот.

Ошондой эле өзүңө келе элек кезде оор көнүгүүлөрдөн алыс болуп, жөн эле сейилдеп коюу жетиштүү.