Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайынча күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар башчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

"Бул кишилер 30 жыл ичинде натыйжалуу башкара албагандыгын көрсөткөн, эми кайрадан бийликке келип жатышат. Эски саясатчылардын кайрадан кызматка келүүгө моралдык укугу жок", — деген митингдин катышуучусунун бири.

Алардын бир бөлүгү тарай баштады.

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайынча күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

Эске салсак, Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү тууралуу жазган арызын кайтарып алып, кызматка кайтып келген.

21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. Эртеси Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.