БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
25-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 121 бош орун бар.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
- Улуттук хирургия борбору — 5;
- Улуттук госпиталь — 17;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 28;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 10;
- Темир жол ооруканасы — 6;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 16.