Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу колго түштү

Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилип, жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Чүйдө 46 жаштагы аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-октябрь күнү болжол менен саат 23:00дө Ивановка айылында 46 жаштагы аялды белгисиз айдоочу сүзүп, из жашырган. Аял алган оор жараатынан улам ошол жерден көз жумган.

Кырсык каттоого алынгандан кийин Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын инспекторлору шектүүнү издеп башташкан.

"Үч күндүн ичинде Бишкек — Торугарт унаа жолуна коюлган "Коопсуз шаардын" бардык камералары текшерилген. Жыйынтыгында аялды Audi 100 үлгүсүндөгү көлүк сүзгөнү аныкталып, табылган. Шектүү катары Кемин районунун 51 жаштагы тургуну кармалды. Ал күнөөсүн мойнуна алып, коркуп кеткендиктен кырсык болгон жерден качып кеткенин билдирди", — дешти милициядан.

Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

Шектүү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилсе, автоунаа убактылуу унаа токтотуучу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.