Кыймыл жандана баштады. ЖКККББ Төө-Ашуудагы абал боюнча айтты

Тыгында турган унаалар. Архив
Төө-Ашууга кар жаап, 23-октябрь түштөн бери унаалардын узун кезеги жаралган. Маалым болгондой, азыр кыймыл бир аз жанданып баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Төө-Ашууда автоунаалардын кыймылы акырындап жандана баштады. Жеринде кайгуул милициянын кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ЖКККББнын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу кабарлады.

Эске салсак, Төө-Ашууга кар жаап, 23-октябрь түштөн бери унаалардын узун кезеги жаралган.

Мирсадык уулунун айтымында, күндүзгү тыгын фура трассаны тосуп калгандыктан пайда болгон.

"Мындан сырткары, унаа жолдо жүк ташуучу машиналар жана жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыра элек көлүктөр көп болгондуктан кыймыл кыйындап, жайлап калган. Азыр кыймыл акырындап жандана баштады. Жеринде Чүй ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда. Алардын күчү менен жол ачылып, ылдый түшүп жаткан унаалар көзөмөлгө алынды. Жол тайгак болгондуктан автоунаалар жай жүрүүдө", — деди Мирсадык уулу.

Баш-аягы көрүнбөйт. Төө-Ашууда түнкүсүн жолдо калган унаалардын тыгыны видеодо

Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы буга чейин азыркы тапта жол тыгын жок экенин билдирген.