"Ала-Тоо" аянтында Үмүтбекке куран окулду. Сүрөт

Бишкектин борборундагы 5-6-октябрда өткөн элдик толкундоолор учурунда демонстранттар менен эл кагылышып, жаш жигит каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында мындан бир нече күн мурда болгон саясий окуяларда каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна куран окутулду.

Иш-чараны коомдук кыймылдын өкүлдөрү уюштуруп жаткандыгын айтышты. Эске салсак, Бишкектин борборундагы 5-6-октябрда өткөн элдик толкундоолор учурунда демонстранттар менен эл кагылышып, жаш жигит каза тапкан. Кийинчерээк уландын өлүмүнө бут алдына келип жарылган кулак тундурган граната себепкер болгону белгилүү болгон.

Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз

Куран окутууга 50гө чукул киши келди. Алардын арасында Финансы полициясынын бир нече күн мурда дайындалган жаңы жетекчиси Сыймык Жапыкеев жүрдү. Куранды Апрель ыңкылабынын баатырларына тургузулган эстеликтин жанында түшүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары андан ары "Манас айылы" комплексине барып да куран окуша тургандыгын айтышты.