Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн Москва шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Алар регионго, ошондой эле дүйнөгө терс таасир этип жаткан маселелер боюнча пикир алышып, ЖККУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абалдын турукташканы тууралуу кыскача маалымат берип, учурдагы бардык саясий процесстер мыйзам талаасында болуп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин келерки сессиясына даярдык тууралуу кеп кылышты.

Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясына кеткен. Анын жүрүшүндө министр россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.