Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сом кошууну пландап жатат

Мурда чегерилип келген жөлөк пулга кошумча каражат алдыдагы алты ай үчүн гана берилет. Бул үчүн казынадан миллиондогон каражат талап кылынат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сом кошууну пландап жатат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул боюнча токтом долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарды. Алар коронавируска байланыштуу кырдаалдан жана өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташынан улам ушундай чараларды көрүүнү чечишкен.
Маалыматка караганда, бул 300 сом буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун (810 сом) алып жүргөндөргө кошулат. Каражат 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет.

Бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан колдоого алынса, анда жогоруда айтылган үй-бүлөлөр алдыдагы жарым жылда, тактап айтканда, 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын апрелине чейин ай сайын 300 сомдон алышат.

КРде балдар жакырчылыкка кабылышы мүмкүн. COVID-19дун экономикалык кесепети

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, пандемиядан улам жөлөк пул алуучулар дагы 67,2 миң адамга көбөйөт. Учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпысынан 314 676 адам "үй-бүлөгө көмөк" жардамын алышат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул үчүн бюджеттен 694,2 миллион сом керектелерин белгилейт.

Мыйзам долбоору тууралуу кененирээк маалыматты өкмөттүн расмий сайтынан алууга болот.