БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Мекеним Кыргызстан" менен "Биримдикти" кайра шайлоого катыштырбоону сунуштады.
Ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон партиялар күнөөсүн сезиши керектигин айтат.
"Президент, өкмөт кетти, Борбордук шайлоо комиссиясы кетип жатат. Анан эмне "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстандан" баргандар калып калайын деп жатасыңарбы? Болбойт андай! Күнөөлүүлөрдүн баары кетсин, башкаларга жол ачып берели. Элдин талабы ошондой. 120 депутаттын жүзү шайлоого катышып алып, элге жек көрүндү болдук. Арабыздан кесипкөй, деңгээли жогору 10-20 депутат барсын. Баарын жайлап салып, биз калдык деген туура эмес, аксакалдар. Алыбызга жараша иш кылалы", — деди Жапаров.
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Ошондой эле ал шайлоо босогосун 3 пайыз кылып койсо эле эл көчөгө чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албай турганын кошумчалады.