Максемус, Акбалбан, Девора... КРде балдарга кандай ысымдар берилүүдө

Өлкөдө ушул жылдын тогуз айында 114 миң 823 бала төрөлгөн. Ата-энелер балдарына кандай өзгөчө жана популярдуу ысымдарды беришери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекетти каттоо кызматы кыргызстандыктар балдарына ыйгарган өзгөчө, сейрек жана эң көп коюлган ысымдар тууралуу айтып берди.

Ага ылайык, өлкөдө ушул жылдын тогуз айында 114 миң 823 бала төрөлгөн. Ата-энелер көбүнчө уул-кыздарына Умар, Алинур, Раяна жана Амина деген аттарды беришкен.

Таанышканда кайталап сурашат. Олимпиада аттуу кыргызстандыктар менен маек

Жаңы төрөлгөндөрдүн арасында бөтөнчө ысымдарга ээ болгондор жок эмес. Маселен, эркек балдарга быйыл Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин жана Максемус деген ысымдарды ыйгарышкан.

Ал эми наристе кыздар Доминика, Марсиана Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман жана Балкыял деген атка ээ болушту.