Бул жолку жүргүзүлө турган элди жана турак жайды каттоодо мигранттар тууралуу маалыматтар топтолот. Бул тууралуу Жолдошбек Соодаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган өнөктүктү жүргүзүү эпидемиологиялык абалдан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот
"КМШга мүчө-мамлекеттер 2019-жылдын күзүнөн 2020-жылдын күзүнө чейин эл каттоо өткөрүш керек болчу. Анын ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзө турганын расмий белгилеген. Аны өткөрүү үчүн тийиштүү даярдыктар жүргүзүлүп, бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу убактылуу жылдырылды. Мерчемделгени боюнча, эл каттоо бул жолу электрондук форматта, телефон аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле бул жолку өнөктүктө эмгек мигранттары тууралуу кеңири малыматтар топтолот. Бул мекендештерибиздин агымы кайсы өлкөгө күч болуп жатканын жана эмне менен алектенерин билүүгө шарт түзөт", — деди Соодаев.
Адис ошондой эле каттоодо турак жай жана анын ичиндеги шарттар тууралуу маалыматтар чогултула турганын кошумчалады.