Финпол экс-премьер Абылгазиевди суракка чакырды

Финполдун маалымат кызматы азырынча мурдагы өкмөт башчы кайсы иш боюнча сурак бере турганын айта элек.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди суракка чакырды.

Финполдун маалымат кызматы азырынча ал кайсы иш боюнча сурак бере турганын айта элек.

Өздүк маалымат булактардын билдиргенине караганда, Абылгазиев бүгүн саат 11:00гө чакырылган.

Жапыкеев: ири суммадагы акча уурдагандардын иши биринчи каралат

Белгилей кетсек, кечээ, 20-октябрда, Финпол экс-премьерге Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынганын кабарлаган.