Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Патрулдук милиция кызматынын Бишкек шаарында иштегенине бир жылга чукулдады. Ош шаарында ачылганына бир нече ай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Патрулдук милиция кызматы башкармалыгы үчүн "Эл планшет" электрондук тутуму иштелип чыкты. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Система патрулдук милиция кызматкерлеринин планшеттерине киргизилген.

Ал каражат менен инспектор төмөнкү документтерди онлайн-режимде текшере алат:

  • транспорттун катталганы боюнча маалыматты;
  • "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айыптары бар же жок экени тууралуу маалымат;
  • айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын;
  • издөөдө болгон унаалар боюнча маалыматты;
  • административдик айыптардын төлөнбөгөндүгү тууралуу маалыматты.

Сатыбалдиев: патрулдук милиция планшеттик компьютер колдоно баштайт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Кайгуул-күзөт кызматын бириктирип Бишкекте Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын түзүлгөнүнө бир жылдай болду. Ал эми Ош шаарында патрулдук милиция кийинчерээк ачылды. Өлкөнүн башка аймактарында азырынча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кызмат жүргүзүп келет.