БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 102 бош орун бар экенин билдирди.
Маалымат 17-октябрь саат 12:00гө карата берилген.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 6;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 5;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 13;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 39;
- Темир жол ооруканасы — 39.
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктурган адамдардын саны өлкөдө 51 490го жетти. Анын ичинен 45 509 бейтап айыгып чыккан. Тилекке каршы, дарт 1 108 адамдын өмүрүн алды.