Өлкөдөгү акыркы саясий окуялар экономикага жана келечекте инвесторлорду тартууга аябай терс таасирин тийгизет. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы убактарда өндүрүшкө инвесторлор дээрлик келбей, ал эми соода жана кызмат көрсөтүү тармагына келген инвесторлор кете баштады.
Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотту
"Өлкөдөгү акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин абдан тийгизет. 2005-2010-жылдарда болгон саясий окуялар деле экономикалык көрсөткүчтөрдүн жаман жагына өзгөрүүсүнө алып келгенин экономисттер белгилеп келет. Себеби өлкөгө келе турган потенциалдуу инвесторлорду чочутат. Айрым ишканалардын өрттөлүп, тонолгону тууралуу маалыматтар, сүрөттөр интернетке чыгып кетти. Бул нерсенин зыяны көп. Дүйнө жүзүндө ар кандай рейтингдер бар. Инвесторлор биздеги абалды ошолор аркылуу билип коёт. Мисалы, глобалдуу атаандашуунун индекси деген бар. Анда 144 мамлекетте 120 индикатор боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Алсак, жеке менчикти сактоо, интеллектуалдуулук менчикти коргоо, коррупцияга каршы иштер, соттун көз карандысыздыгы, кримчөйрөнүн таасири, аларга каршы иштердин жүрүшү ж.б. индикаторлор бар. Бул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда абал дурус эмес. Маселен, кайсы бир ишкер инвестиция тартуу үчүн өлкөдөгү позитивдүү жагдайларды сүрөттөп берсе, инвестор барып рейтингден карап чечим кабыл алат", — деди Абдыров.
Экономист өлкөдө инвесторлорго жагымдуу жагдай түзүү үчүн айрым жазаларды катаалдатуу керектигин кошумчалады.