БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова коронавируска каршы туруу боюнча иштер жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Вице-премьер Саламаттык сактоо министрлигинде облустардагы координаторлор жана медициналык мекемелердин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөргөн.
"Кеңешменин жүрүшүндө Ош, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында жарандардын жана медиктердин арасында ооруну жуктургандар көбөйүп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактабастан адамдар массалык түрдө чогулуп жатат. Мындан улам COVID-19 илдетин жуктуруп алуу кооптуулугу күч алып, анын жыйынтыгы эки жумалык инкубациялык мезгилде билиниши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
COVID: Бишкектеги ооруканаларда 102 бош орун бар. Тизме
Жыйында Исмаилова инфекциялык көзөмөл боюнча ишти күчтөндүрүүнү талап кылган. Ал эгерде жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү болсо, медиктер эмне себептен ооруну жуктуруп алууда деп суроо салганы айтылат.