Өзүмдү үйдө кереги жок буюмдай сезем. Үй-бүлөсүнө нааразы аялдын арманы

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошу менен кыздарынын мамилесине кейиген аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мен сиздер аркылуу психологдон кеңеш алгым келет. Жашым элүүдө. Бишкектин чекесинде турабыз. Жашоодо мурда эч ойго келбеген да учурларды баштан өткөрөт экенсиң.

Жолдошум менен жыйырма беш жылдан ашуун убакыттан бери бирге түтүн булатып, эки кызды тарбияладык. Кыздарымдын атасы мамлекеттик кызматкер, мен тигүүчү болуп иштегеним менен көбүнчө балдарды карап үйдө болдум. Анын үстүнө көп оорудум.

Кыздарым кичине кезинде жакшы эле тарбия берип чоңойтом деп ойлочумун. Бирок андай болбоду. Буга жолдошум да күнөөлүү. Кечинде иштен келгенде кыздар атасына "апам бизди урушту, чапты" деп даттанышса эле кыздарга болушуп, үйдө ызы-чуу чыгарып, кээде мени уруп жатып калчу. Анын кыныгын билген кыздар бир нерсе жакпай калса эле атасына даттанып, бизди уруштуруп көнүшкөн. Анысын такыр калтыра албай койгом.

Азыр өзүмдүн кыздарым мени тоготпойт, айтышат. Улуусу 24, кичүүсү жыйырмада. Балдар чоңойгон сайын колдоо күтүп, аёосуна муктаж болот экенсиң. Ушул кыздарды башка энелердей эле алаканыма салып, кийимдин түрүн алып берип чоңойттум эле.

Чынын айтсам азыр үйдө өзүмдү эне катары эмес, үй кызматкери сезип калдым. Баары эле мага догурунушат. Кыздар каалаган жагына басышат. Кийимдерин алып келип ыргытып коюшат. Кайра эле кыйбай жууйм, тамагын жасап күтүп отурам. Жолдошум болсо "Энедей болуп берген тарбияң ушубу?" деп эртели-кеч мээни жейт. Туугандарым келсе да "эжеңердин берген тарбиясы" деп мага асылат.

Кызым менен өгөй атасынын урушу беймаза кылчу болду. Аялдын каты

Өткөндө ооруканада он күн жатып чыктым. Дарыгерлер үйдөн да жакшы болгуча жатышым керектигин айтып чыгарышкан. Үч күн эптеп жаттым. Ооруканадан алып келген шейшебим, кийимдерим бир жума жуулбай турду. Күттүм. Үйдөгүлөргө караганда сиңдилерим келип жардам берип жатты.

Күйөөмдүн курсагы тойсо, кийими таза болсо болду. Менин жан дүйнөм менен башын да оорутпайт. Кереги жок буюмдай болуп жашагандан тажадым. Баарын өзгөртүүгө болобу? Же кечпи? Ушул абалга келгенибизге жолдошумду эле күнөөлөй берем. Кыздарымды деле жаман көрбөйм, бирок нааразы болуп жүрөм.

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Сиздин айтууңузга караганда, үй-бүлөлүк жашооңор башынан эле атаандаштык менен куралган экен. Жолдошуңуз кыздары аны көбүрөөк жакшы көрүүсү үчүн сизди тилдеп, кол көтөрчү. Кыздар акыры апасы күнөөлүү болоруна ынанып чоңоюшкан. Негизи балдарды ата-энесин чогуу сүйүүгө, алардын жашоосунда ата менен эненин орду бирдей экендигин көргөзүп тарбиялоо кажет. Бала алардын милдетин ажырата билгени маанилүү.

Баламдын алдында тилим кыска. Уулунун көңүлүн таба албаган эненин арманы

Буга чейин каалооңуз, ой-пикириңиз тууралуу айтпай эле дайыма өзүңүздү үй жумуштарын кылуучу функция катары алып жүргөнсүз. Ушундан улам үй-бүлөңүз сиздин ордуңузду алардын кызматын жасоочу катары кабылдап алышкан. Негизинен адам өзүнүн көз карашы, ага жаккан же жакпаган жагдайларды жакындары менен бөлүшүп турушу керек. Антпесе алар менен түшүнүшүүгө мүмкүн болбой калат.

Ооруп жатканда да үйдөгүлөр сизге жетишерлик көңүл бурбаптыр. Себеби сиз муну башынан талап кылбагандыктан, мындай мамиле адат катары калыптанып калган.

Албетте, сизди качан түшүнөрүн, сүйөрүн, аяшарын күтүп жашап келе жатасыз. Бирок алар бир күнү тура калып эле өзүнөн-өзү сизди баалап калбайт да. Себеби 25 жылдан бери өз каалооңуз, көз карашыңыз менен эмес башкалардын оюу менен жашап келе жатыптырсыз. Ошондуктан мүмкүн болсо жакындарыңызга ички каалооңузду айтып, жан-дүйнөңүздө болуп жаткан ойлор менен бөлүшүп турууну колго алыңыз.

Үйүңүздө сиздин ордуңуз өтө маанилүү, баалуу адамсыз. Бирок аны үй-бүлөңүз эле эмес, өзүңүз да барктабай жатасыз.

Эми мындан ары жашооңузду оңдогуңуз келсе, мүмкүн болушунча үйдөгүлөрдүн тилин табууга аракет кылып, аларга да үй иштерин бөлүштүрүп берип, талап коё билсеңиз жакшы болот. Мүмкүн жумушка кирип, кандайдыр бир көңүлүңүзгө жаккан нерсе менен алектене баштарсыз. Өзүңүздү да баалап, көңүл буруңуз. Эгер сиз жакшы мамиле күтүп отура берсеңиз, ал өмүрүңүздүн акырына чейин созулуп кетиши мүмкүн.