БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. УКМКнын жаңы төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы контрабандалык иштерди токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтүүгө сөз берди.
Жаңы жетекчи бүгүн кызматка дайындалары менен УКМКнын имаратында маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Ташиев: Райым Матраимовду кармап келүүгө бүгүн тапшырма берем
"Мурда коррупционерлер 10 миллион уурдап, мамлекеттик органдарга миллион сомдон берип, калганын өзүнө кымырып келсе, мындан ары андай көрүнүш болбойт. Уурдаган акчасын 10 эселеп мамлекетке төлөшөт. Ошондой эле контрабанда менен да катуу күрөш жүргүзүлөт. Эми Кытай менен Тажикстандын чек арасында контрабанда токтотулат. Мен муну катуу көзөмөлдөйм", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал мындан ары өлкөдө коррупция менен алектенүү пайдасыз болуп каларын белгиледи.
Ташиев буга чейин аталган кызматка эмне максат менен келгенин да айтып берген.