Коронавирус: Ысык-Көлдө жаңы госпиталь пайдаланууга берилди

Кыргызстанда соңку сутка ичинде 388 кишиден коронавирус аныкталды. Көрсөткүч акыркы жумаларда улам өсүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн.

"Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы менен ооруган жана этиологиясы такталбаган илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 керебет бар. Жаңы жугуштуу госпиталда дагы кошумча 35 орундук болот", — деди Сагынбаев.

Өткөн суткада коронавирус беш кишинин өмүрүн алды

Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн. Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты.

"Даярдык иштери толук жүрүп, түнкүсүн да иштеп, жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз", — деди директор Сагынбаев.

Кыргызстанда соңку сутка ичинде 388 кишиден коронавирус аныкталды. Көрсөткүч акыркы жумаларда улам өсүп жатат.