Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Матраимовдун баш коргоо чарасы 13-октябрь күнү өзгөртүлүп, сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул туурасында Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, Матраимов облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Натыйжада 13-октябрь күнү Матраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Тилек Матраимовдун шөкөттөлгөн кабинети бош калды. Видео

Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталууда.

Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, бир айга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыккан болчу.