Милиция Ысык-Көлдөгү ишкерлерден акча талап кылгандарга эскертүү берди

Милициядан билдиргендей, Чок-Тал айылында жайгашкан эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлеринен даттануулар түшкөн эмес. Учурда жергиликтүү бийлик, жаштар, аялдар жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ишкерлерден "мародерлордон коргойбуз" деп акча сурап жаткан жергиликтүү тургундарга чара көрүлө турганын эскертти.

ИИБдин маалыматына ылайык, Лариса Долгополова аттуу колдонуучу Facebook баракчасы аркылуу Чок-Тал айылында координациялык кеңеш жана элдик кошуун түзүлгөнүн маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, пансионат ээлерине координациялык кеңештин мүчөлөрүнөн "акча бербесеңер талап-тоноо жана мародерчулук катталган учурда жооп бербейбиз" деген каттар тарап жатат.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин 203-беренеси ("Опузалап акча талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Милициядан билдиргендей, Чок-Тал айылында жайгашкан эс алуу үйлөрү жана пансионат ээлеринен даттануулар түшкөн эмес. Учурда жергиликтүү бийлик, жаштар, аялдар жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Жалпысынан Ысык-Көл облусунун аймагында кырдаал туруктуу. Милиционерлер менен элдик кошуундар маанилүү делген объектилерди, соода борборлорун жана базарларды кайтарууда", — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдары шаар, айылдарды күнү-түнү карап, кайтарып жатканын кошумчалады.