Нарында курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасы ноябрда ишке берилет

Имарат жеңил конструкция менен салынып, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташтырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын короосуна салынып жаткан жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн жаңы салынып жаткан имараты 55 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

Имарат жеңил конструкция менен салынып, чатыры жабылып, терезелери орнотулган. Учурда ичи-тышын жылуулоо жана ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат.

“Жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташтырылган, реанимациялык 20 орун болот. Буга чейин Нарын облустук оруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө 30 эле орун бар болчу”, — деди Нарынбеков.

Эске салсак, Баткендеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди.